Time журналы коронавируска каршы вакцина жасоо менен алектенген илимпоздорго "2021-жылдын баатырлары" деген наам ыйгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, журнал вакциналарды түзүүгө катышкан илимпоздордун арасынан иммунолог Киззмекию Корбетти, дарыгер Барни Грэмди, венгриялык биохимик Каталин Карикону жана америкалык Дрю Вайсманды бөлүп көрсөткөн.
"Алар бул аракетте жалгыз болушкан жок, дүйнө жүзү боюнча илимпоздор ар кандай платформаларды жана технологияларды колдонуу менен COVID-19 вакциналарын чыгарып жатышты. Ошентсе да Корбетт, Грэм, Карико жана Вайсман инновациялык жана өтө эффективдүү мРНК негизин киргизүү менен олуттуу ийгиликке жетише алышты", - дешкен журналдын өкүлдөрү.