Бишкек шаарында 16-ноябрь күнү “Кайдыгерликке каршы жүгүртмө” аттуу акция болду. Иш-чаранын уюштуруучулары - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын ата-энелер уюмдары. “Иш-чаранын максаты – ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды колдоо жана аларга көңүл бөлүү, кайдыгер карабай, жардам берүү”,- дейт уюштуруучулардын бири.
Акция саат 09:00дө башталып, ага 80дей бала ата-энелери менен катышты. Баары автоунааларга отуруп шаардын көчөлөрүн (Анкара, Түштүк магистраль, Манас проспекти, Чүй көчөсү) аралап, Панфилов сейил багынан токтошту. Автоуналарга "Өзгөчө баланы өстүрүү - оор эмгек", "Ата-энелердин эмгегин баалап, балдарга жардам берели", "Майып балдардын келечеги биздин колубузда", "Өзгөчө балдарды үй-бүлөдө колдоо, жатак-үйлөрдү азайтуу", "Кайдыгер караба" деген жазуусу бар плакаттар тагылды. Балдардын көңүлүн ачуу үчүн сейил бакта ар кандай оюндар уюштурулду.