Түштүк Суданда белгисиз оорудан улам 89 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму оорунун очогу болгон Жонглий провинциясына чукул изилдөө тобун жиберген. Түштүк Суданда иш алып барган эл аралык уюмдар кеминде 89 адам каза болгонун маалымдашкан.