WhatsApp маектешине жөнөтүү алдында үн билдирүүлөрдү алдын ала угуу функциясын киргизди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар WhatsApp'тын официалдуу баракчасына таянып жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, эми сиз өзүңүздүн үн билдирүүңүздү жөнөтөрдөн мурун алдын ала уга аласыз.
Буга чейин WhatsApp мессенжеринде колдонуучулардын купуялуулугун арттыра турган функция пайда болгону кабарланган.