Владимир Путин эң сыйлуу 10 адамдын катарына кирди

Орусиянын президенти Владимир Путин YouGov сурамжылоосунун жыйынтыгында 2021-жылы дүйнөдөгү эң кадыр-барктуу мырзалардын ТОП-10уна кирди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, сурамжылоонун жыйынтыгында Орусиянын президенти тогузунчу орунду ээледи.

Америка Кошмо Штаттарынын экс-президенти Барак Обама рейтингде биринчи орунга чыкты.

Дүйнөдөгү эң сыйлуу ТОП-10 мырзанын катарына:

Мicrosoft'тун башкы директору Билл Гейтс;

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин;

Криштиану Роналду жана Лионель Месси;

Актёр Жеки Чан;

Миллиардер жана SpaceX'тин негиздөөчүсү Илон Маск;

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди;

AlIbabа'нын негиздөөчүсү Жек Ма кирген.

Ал эми АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп 13-орунга, Жо Байден тизмеде 20-орунга жайгашкан. Сурамжылоо ушул жылдын жаз айларынан бери жүргүзүлүп келген. Ага 38 өлкөнүн ичинен 42 миңден ашык адам катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан