Бразилиянын Борба шаарынын мэри Симау Пейшото менен өлкө парламентинин мурдагы депутаты Эринеу да Силва аралаш уруш боюнча (ММА) жекеме-жекеде беттешишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, тараптардын мындай кадамга баруусуна шаардагы сейил бактын тагдыры боюнча талкууда жаралган пикир келишпестик себеп болгон.
Депутат аталган иш боюнча мэрди кескин сындап, дарыянын жээгиндеги сейил бакты сактап кала албай турганын билдирип чыккан. Ал эми мэр Симау Пейшото депутатты ММА эрежелерине ылайык жекеме-жекеге чакырып, тынчтык жолу менен чечилбеген ортодогу маселени октагондо гана чечерин жарыялаган.
Мэрдин мындай сунушуна көпчүлүк жакшы баа бербесе да, тараптардын беттеши шаардагы мектептердин биринин спорт залында уюштурулуп, түз эфир аркылуу көрсөтүлгөн. 3 раундга созулган беттеште калыстардын чечими менен мэр Симау Пейшото жеңишке жеткени кабарланды.