Коронавирустун жаңы омикрон штаммы 77 өлкөдө аныкталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы катчысы Тедрос Гебреисус айтканын чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Анын айтымында, коронавирустун аталган штаммына байланыштуу ооруканаларда кайрадан бейтаптардын агымы күч алышы мүмкүн.
Тедрос Гебреисус кошумчалагандай, омикрон штаммы тез жайылып жатат.
Буга чейин Улуу Британияда биринчи бейтап омикрон штаммынан көз жумгандыгы кабарланган.
Дүйнөгө тездик менен жайылып жаткан коронавирустун омикрон штаммы боюнча кабарлардын топтому.