"Сениби, шашпа! Каникулдар" аттуу жаңы анимациялык сериалдын бет ачары 17-декабрда Орусиянын бир катар шаарларында өтөт. "Союзмультфильм" киностудиясынын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, мультсериалдын бет ачары 17-декабрда болуп көрбөгөндөй форматта өтөт. Анын биринчи эпизоду Орусиянын көчөлөрүндө орнотулган санариптик экрандардан, соода борборлорунан көрсөтүлөт. Эксклюзивдүү сеанс эртең менен жана кечинде (Москва убактысы боюнча 08.30 жана 18.00дө) бир эле учурда бардык экрандарда башталат.
"Жаңы анимациялык сериалдын сюжетине ылайык, карышкыр мындан ары коёнду жеш үчүн куубайт. Мурдатан тааныш эпизоддук каармандардан тышкары - бегемот, чочко, мышык сыяктуу башка кичинекей каармандар менен толукталат. Ондогон жылдардан кийин легендарлуу каармандар экранга кайтып келип, заманбап балдарга өздөрүнүн кайталангыс юморлорун, ажарлуулугун жана тапкычтыгын тартуулашат. "Сениби, шашпа!" өткөн менен келечектин ортосундагы "көпүрө" жана бүт үй-бүлө менен экранга чогулууга эң сонун учур", - деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, мультсериалдын интернет желесине качан чыгары белгиленген эмес.