Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлеринин 40 пайызы жумуштан бошотулду. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар жазып чыгышты.
"Иштен алынган кызматкерлер өз ишинде натыйжалуу жыйынтык көрсөтө алышкан эмес. Жолугушуу учурунда Өзбекстанда медициналык кызмат көрсөтүү тиешелүү деңгээлде эмес. Маселен, быйылкы жылдын 11 айында Саламаттыкты сактоо министрлигине мурдагы жылдарга салыштырмалуу 12 миңге көп арыз түшүп, даттануулардын жалпы саны 57,6 миңди түзгөн. Алардын көбү сапатсыз медициналык жардамга арызданышкан.
Жолугушууда медициналык кызмат көрсөтүүнүн начардыгынан жүрөк-кан тамыр оорулары акыркы беш жылда 20 пайызы, кант диабети, көз, бөйрөк оорулары 10 пайызга көбөйгөнү белгиленген", - деп жазылат маалыматта.