Гонконгдогу Дүйнөлүк соода борборунун имаратынан өрт чыкты. Анын кесепетинен жабыркагандар бар. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, өрт түштө башталып, кардарлардын көпчүлүгү имараттын ичинде камалып калышкан.
Куткаруучулар күйүп жаткан имараттан 1200 адамды эвакуациялашты. Түтүнгө ууланган жана башка жаракаттар менен 14 адам ооруканага жаткырылган.
Өрттүн келип чыгуу себептери азырынча белгисиз. Болгону өрт электрондук жабдуулар орнотулган бөлмөдөн чыкканы маалымдалган.