Казакстандын Улуттук банкы Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата бир катар тарыхый инсандардын сүрөттөрү түшүрүлгөн тыйындарды чыгарат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жалпыга маалымдоо басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, 5000 жана 500 теңге номиналындагы тыйындар күмүштөн, ал эми 100 теңге номиналындагы тыйындар мельхиордон жасалууда. Тыйындын алдыңкы бетине өлкөнүн желеги, картасы жана анын ичине Чокан Валиханов, Сүйүнбай Аронулы, Абылай хан, Аль-Фараби, Абай жана Нурсултан Назарбаевдин сүрөттөрү түшүрүлгөн.
Тыйындардын качан жүгүртүүгө чыгарылары тууралуу маалымат кийинчерээк айтылары маалымдалды.
Аталган өлкө буга чейин, 2020-жылы Нурсултан Назарбаевдин сүрөтү түшүрүлгөн 1000 теңге номиналындагы тыйынды жүгүртүүгө киргизген.