13-15-ноябрь күндөрү Ош шаарында Коргоо министрлиги тарабынан милиция кызматкерлеринин кылмышкерлерден коргонуусун күчөтүү максатында машыгуу болуп өттү. Иш-чарага Ош облустук ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү катышты. Машыгуунун жүрүшүндө куралдуу кылмышкер менен күрөшүү жана барымтага алынган адамды курчоодон чыгаруу өңдүү учурлар көрсөтүлдү. Машыгууга Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаков да күбө болду.