Дүйнөдө тездик менен жайылып жаткан омикрон штаммынын адаттан тыш эки симптому айтылды

Учурда Түштүк Африка Республикасында жана башка өлкөлөрдө тездик менен жайылып жаткан коронавирустун омикрон штаммынын адаттан тыш эки белгиси дарыгерлер тарабынан айтылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактарында жазылды.

Маалыматка ылайык, Түштүк Африка Республикасындагы "Discovery Health" медициналык компаниясынын доктору Райан Ноах омикрон штаммын жуктуруп алгандарда адаттан тыш эки симптом байкалганын билдирген. Анда коронавирус жуктуруп алган 78 миң бейтаптын анализине байкоо жүргүзүлгөн. Ага ылайык, омикрон штаммын жуктуруп алгандарда белдин жана тамактын оорусу басымдуу болгондугу байкалган.

Коронавирустун омикрон штаммы тууралуу кабарлар топтун бул шилтеме аркылуу өтүп окуңуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан