Бир канча мамлекеттерде Фейсбуктун колдонуучулары аталган социалдык тармактын иштөөсүндө мүчүлүштүктөр болгонун айтып, нааразы болушууда. Бул тууралуу РИА Новости басылмасында жазылды.
Маалыматка ылайык, өзгөчө АКШ, Франция, Германия, Улуу Британия, Канада, Италия жана башка бир катар өлкөлөрдөгү Фейсбук колдонуучулары кызматтын иштөөсүндө мүчүлүштүктөр болуп жатканын айтышкан. Ошондой эле Messenger'дин иштөөсүндө да бир катар кыйынчылыктар байкалган.