Түштүк Суданда жашаган бир үй-бүлө Facebook социалдык тармагында аукцион уюштуруп, ал жерде 17 жаштагы кызын сатыкка койгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, уюштурулган аукционго алты адам ат салышып, алардын бири жогорку даражалуу чиновник.
Аукционго катышкандардын бири үй-бүлөгө 250 баш уйдун баасын сунуш кылган.
Бирок жергиликтүү стандарттар боюнча кыйла таасирдүү баага карабастан 17 жаштагы кызга 500 баш уй сунуштап, үстүнө 3 унаа, 7,5 миң евро кошуп берген адам аукциондун жеңүүчүсү аталган. Кошумчалай кетсек, ал адамдын 9 аялы бар экени жазылган.
Ошентип XXI кылымда адамды социалдык тармак аркылуу сатуу ишке ашты. Укук коргоочулар муну абсурд деп атап жатышат.