Орусиялык "Abracadabra.TV" ютуб каналы социалдык эксперимент катары тартылган кезектеги видеосун жарыялады. Бул жолу алар адамдардын тамак-ашка муктаж кары кишиге канчалык жардам көрсөтөрүн текшеришти.
Экспериментте алып баруучу өзүн жардамга муктаж кары адамга окшоткон. Ал шаардагы өтө кымбат эмес дүкөндөрдүн биринин кире беришине туруп, соода кылганы келген адамдарга ачка экендигин айтып жардам сураган. Кимде-ким ага жардам көрсөтсө белгилүү суммадагы акча каражатын алмак. Дүкөнгө келгендердин айрымдары ага көңүл бурса, кээ бирлери жардам берүүнү каалабай өтүп кете беришкен.
Кары адамга көңүл бургандардын катарында сырткы көрүнүшүнөн көчө шыпыргыч экендиги белгилүү болгон бир адам болгон. Ал кары кишинин өтүнүчүн четке какпай дүкөндөн жегенге азык алып берген. Ал эми "Эмнеге мага жардам берүүнү чечтиң?" деген суроого "Адам жардам сураганда сөзсүз жардам бериш керек", - деп жооп берген.
Ал эми эксперименттин эрежесине ылайык ага берилген акчаны дароо албастан "Менде акча бар. Кереги жок", - деп баш тартканын көрүүгө болот.
Каналдын катталуучулары аталган адам сырткы кейпинде Орто Азиялык экендигин жана Кыргыз өлкөсүнөн келген мигрант болушу мүмкүн экендигин жазышкан.