Москвада Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечеси болуп өттү

Москва шаарындагы "Кыргызстан" борборунда жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечеси болуп өттү. Бул тууралуу аталган борбордун басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарага орусиялык жазуучулар, Айтматовдун замандаштары, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты. 
"Улуу философ жазуучубуз түбөлүккө жүрөгүбүздө кала берет. Чыңгыз Төрөкулович өзүнүн чыгармалары менен калтырган баалуулукту унутпайбыз. Жыл сайын кыргызстандыктар мындай иш-чараны өткөрүп турушмакчы",- деди Жалпы орусиялык кыргыз конгрессинин президенти Кубанычбек Кожоев. 
Кыргыз конгрессинин маданият боюнча комитети, "Эрте келген турналар" жана "Москва кайрыктары" чыгармачыл топтору конокторго концерттик программа тартуулашты.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан