Боливиянын мурдагы президентинин милдетин аткаруучу Жанин Аньес Чавес түрмөдө ур-токмокко алынганы айтылды. Бул тууралуу анын кызы Каролина Риберага шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, республиканын экс-жетекчисине түзөтүү мекемесинин кызматкерлери кол салышкан. Аньестин саламаттыгы тууралуу жакындарына маалымат берилген эмес. «Бир нече мүнөт мурун менин апам Жанин Аньеске Мирафлорес түрмөсүндө кол салуу болгон. Ага лейтенант Дуран кол салып, сабап салган. Мен бүткүл өлкөдөн апамды коргоону суранам. Мен анын өмүрү үчүн корком”, - деп жазган Рибера.
Бул боюнча Боливиянын Ички иштер министрлиги Аньеске түрмөдө күч колдонгон деген айыптоолорду четке каккан.
Агнес 2021-жылдын 13-мартында мамлекеттик төңкөрүш аракетинин алкагында кармалган. Ал Тринидаддагы туугандарынын үйүндө болгон учурда укук коргоо кызматкерлери келип, аны тинтүүгө алышкан. Экс-президент керебеттин астындагы кутудан табылган.