Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин жүрөгүнө операция жасалган жок. Москва шаарына барган өкмөт башчы медициналык текшерүүдөн гана өттү. Муну өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка таянсак, Сатыбалдиев 19-20-ноябрда Орусияда бир катар иш-чараларга катышып, Бишкекке 20-ноябрдын түнүндө учуп келмекчи.
Эскерте кетсек, Ж.Сатыбалдиев өткөн аптада кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыгып, ден соолугуна байланыштуу Москвага кеткени айтылган. Орусиялык айрым маалымат булактарында премьердин жүрөгүнө операция жасалганы тууралуу маалымат тараган эле.