"Шерьеметово" аэропортунда Boeing 777 учагы менен аэропорттун кызматтык жеңил унаасы кагылышты

Москванын "Шерьеметово" аэропортунда Boeing 777 учагы менен аэропорттун кызматтык жеңил унаасы кагылышты. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, "Шереметьево" аэропортунан Мексикага учуп бара жаткан Boeing 777 учагы жеңил унаа менен кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу жаракат алган.

Учактагы адамдардын арасынан жаракат алгандар катталган эмес, ошондой эле жүргүнчүлөр башка учакка которулганы жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bishkek-Kg
2021-12-16 15:06:03
Ушул кантип болсун эми, чооң килтейген учакты, чооң кеенен площадкада сүзүп алуу деген.
-2
33SUUN
2021-12-16 15:15:18
Bishkek-Kg,учакты машина эмес учак машинаны сузуп алат.Мындай кырсыктар аз эмес.
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан