Молдованын Эсептик палатасы 7 миңге жакын адам жарактуу мөөнөтү өтүп кеткен вакцина менен эмделгенин маалымдады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттарында жазылды.
Ага ылайык, аталган өлкө коронавируска каршы 2 миллион доза вакцина менен камсыздалган. Анын ичинен 1 милллион 600 миң доза жарандарды эмдөө үчүн колдонулган. Бирок 7 миң доза вакцина мөөнөтү өтүп кеткендигине карабастан жарандарды эмдөөгө колдонулган. Учурда бул иш боюнча тергөө жүрүп жаткандыгы айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, бул өлкөдө калкты массалык түрдө эмдөө 2-мартта старт алган. Бүгүнкү күнгө чейин жалпысынан коронавируска каршы 960 миң 828 адам эмдөөдөн өткөн.
.