Түндүк Кореяда 11 күндүк аза күтүү күндөрүндө жарандарга күлүүгө, туулган күн тосууга тыюу салынды

Түндүк Кореяда өлкөнүн мурдагы лидери Ким Чен Ирдин каза болгондугунун 10 жылдыгына байланыштуу жарандарга күлүүгө, туулган күн тосууга, ичимдик ичүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Андагы маалыматка караганда, бийлик өкүлдөрү 11 күндүк аза күтүү маалында жарандарга бир катар чектөөлөрдү киргизген. Бул күндөрү ичимдик ичип, катуу күлүп же соода кылганга болбойт. Айрым маалыматтарга караганда, былтыр аза күтүү маалында мас абалындагы бир канча адамды укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кармап кетишкен, андан соң аларды эч ким көргөн эмес.

"Керек болсо, аза күтүү күндөрүндө кокус үй-бүлө мүчөлөрүнөн бири каза болсо катуу ыйлоого жана аны акыркы сапарга узатууга тыюу салынат. Аза күтүү күндөрү аяктаган соң гана маркумду жерге берүүгө уруксат берилет. Ошондой эле бул күндөрү туулган күн белгилөөгө болбойт", - деп билдирген булактардын бири.

Белгилей кетсек, Ким Чен Ир 2011-жылы 17-декабрда каза болгон. Маалыматтарда анын жүрөк оорусу кармап каза болгондугу айтылат. Ал Түндүк Кореяны 1994-жылы мурдагы лидер, атасы Ким Ир Сен каза болгондон кийин 2011-жылга чейин башкарган. Андан соң өлкөнү башкаруу анын уулу, учурдагы лидер Ким Чен Ынга өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
algakaray
2021-12-17 01:50:17
Корея деп суктанабыз онуккон олко деп. Бир жагынан карасан шарттары катаал. Элдери деле депрессия менен жашаса керек. Чектоолор коп.
-8
Tyttty1990
2021-12-17 01:56:12
algakaray,талибандан жаман өлкө дал ушул өлкө.
-2
Mister-XXX
2021-12-17 01:59:43
algakaray,Тундук Корея менен Туштук Кореянын айырмасы бар.
+23
Kolyaa
2021-12-17 04:14:51
algakaray,Чектөөлөр болгону үчүн өнүгүп атышпайбы.Бул деген закондун бар экенин билдирет.

Биздечи? демократия өлкөбүз деп бирибизди-бирибиз башкара албай олтурабыз.Президентти депутат укпай,Депутатты министр укпай ошондо кандай өнүгүү болсун.
-6
munira-tilen
2021-12-17 10:52:36
Kolyaa,адашасын бул олко онуккон емес жапайы десе да болот
-1
Tariel_tt
2021-12-17 11:26:22
Kolyaa,География деген сабак бар. Мектепте окуш керек болчу.
+1
Kolyaa
2021-12-19 21:11:11
Tariel_tt,Географиянын эмне тиешеси бар? Билимдүү болуп чыга каласыңарда!!! Сөздүн маанисин түшүнсөң ошол өлкө менен кыргызстанды салыштырып жатам Бай болобу,Кедей болобу алар өздөрүн коргой алат.Бизчи? Тадиктер жерибизди басып алсада, кол салсада олтурасын оозуңду ачып.Таш эле болбосо.Эч кандай курал жарак,техника жок бизде.
0
Suzak12
2021-12-17 12:10:27
Kolyaa,Кой бир тууганым мындай закондун эмне кереги бар бизге,эгер онугом десек бул законсуз деле онугобуз.
-2
Kushu_0703
2021-12-17 18:09:15
Kolyaa,ушинтип наалый берсенер онукпойбузда анан.пейилинерди ондосонор кичине
0
Kolyaa
2021-12-19 20:55:42
Kushu_0703,Сен айткандай Наалыбайын десең акыбалыбыз ушул 30 жылда 6 пезидент алмаштырдык өнүгүү болдубу? Жок.Президент алмаштырышта Рекорд койгонубуз калды пайдасы болбоду.Тескеринче карызга баттык, Мигрант өлкөгө айландык.Ошол ойлондурбайбы силерди? Кошоматчылык деген ооруу бар экен бизде, ошол оруудан айыгышыбыз керек.
0
Dembele84
2021-12-17 22:05:48
Kolyaa,Коля ит эле болдун.Умный болуп саясаттан суйлогонун менен элементарно географияны билбесен, нары барып дубалдын кырын сузуп-сузуп алчы!
0
munira-tilen
2021-12-17 10:53:40
algakaray онукпогон олко
0
aliya-leyla
2021-12-17 16:09:50
algakaray,сен суктанган Корея- ал Туштук Корея
+3
Dembele84
2021-12-17 22:02:59
algakaray,Географияны билбесен ушул да,башка нерсени дооруп уят болосун)))
-1
Zhoro
2021-12-17 07:37:54
Түндүк Корея менен түштүк Кореянын айырмасы бар
Kolyaa
+7
Sultanmurat2000
2021-12-17 10:53:20
Тундук Корея менен Түштүк Кореянын айырмасын билбесенер уят эмеспи
+5
Birimdik5555
2021-12-17 17:19:45
Озунун эле уй булосу аза куто бербейби, элде эмне куноо, баарын жапырт аза куттуруп. Ушунчалык катаал, жапайы экен Ким Чен Ыр
+2
Nurgazy80
2021-12-17 23:09:25
Ким Чен Көт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан