ЖЫЛНААМА, 17-ДЕКАБРЬ: Белгилүү филиппиндик мушкер Мэнни Пакьяо туулган

1978-жылы 17-декабрда филиппиндик белгилүү мушкер Мэнни Пакьяо Филиппин аралдарынын Кибаве аттуу жеринде төрөлгөн. Катардагы үй-бүлөдөн чыккан бул мушкер алгач 11 жашында бокс залына барган. 14 жашынан тартып бокс менен олуттуу түрдө машыга баштаган.

Мушкер профессионалдардын катарына өтүүдөн мурун сүйүүчүлөр арасында жалпысынан 64 жолу беттеш өткөрүп, 60 жолу жеңген. Тынымсыз машыгуулардын негизинде эмгегинин акыбети кайтып, ал техникалык жана физикалык жактан өсүп, ийгиликтерге жетише баштайт. Мэнни профессионалдар арасына өткөндө алгачкы жолу рингге 1995-жылдын 22-январында 16 жаш курагында Едмундио Игнасиого каршы чыккан. Беттеште жеңип чыгып, чоң бокско жол ачылган.

17-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан