Кыргызстанда 2020-жылы бала бакчалардагы орундардын санын 2 эсеге көбөйтүү пландалууда

Бишкекте бүгүн, 18-ноябрдагы маалымат жыйында билим берүү жана илим министри Канат Садыков “Кыргызстанда 2020-жылга карата бала бакчалардагы орундардын санын 2 эсеге көбөйтүү пландалууда”,- деп билдирди. Анын айтымында, 2010-жылы мектеп окуучуларынын 10 пайызга жетпеген бөлүгү бала бакчага барганы белгилүү болгон. “Азыркы тапта бул көрсөткүч 15,4 пайызды түзүүдө. Албетте, бул аз. 2020-жылы муну 34-35 пайызга жеткирүүнү пландап жатабыз”,- деди министр. 
2012-2013-жылдары 240 сааттык мектепке чейинки даярдоо боюнча программадан балдардын дээрлик 100 пайызы өткөнүн кошумчалап, жакында 480 сааттык программаны кабыл алуу каралып жатканын айтты Канат Садыков.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан