Япониянын Осака шаарында клиникада өрт чыгып, 24 киши каза болду

Япониянын Осака шаарында клиникалардын биринде өрт чыкты. Анын кесепетинен каза болгондордун саны 24кө жетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Маалыматка караганда, терапевтикалык жана психологиялык жардам көрсөтүүчү клиниканын төртүнчү кабатынан күндүз өрт чыкты.

Куткаруу, өрттү өчүрүү иштерине 34 өрт өчүрүүчү, 70ке жакын техника тартылып, жарым саатка жетпей өчүрүлдү. Түтүнгө ууланган жана башка жаракаттар менен 28 адам ооруканага жаткырылып, 19 адам каза болгон. Кийинчерээк дагы 5 адам каза болгону кабарланды. Көз жумгандардын 10у аялдар, 14ү эркектер.

Осаконун полициясы өрт 60 жаштагы кишинин кагаз баштыгынан төгүлгөн суюктуктан чыкканына далил бар экенин билдиргени айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан