Tesla жана SpaceX`тин негиздөөчүсү Илон Маск 2021-жылы АКШнын тарыхындагы эң чоң салыкты төлөшү мүмкүн. Бул тууралуу ал өзүнүн Twitter баракчасына жазды. Салыктын суммасы 10 миллиард доллардан ашышы мүмкүн.
Маалыматка ылайык, Маск сенатор Элизабет Уоррендин иш жүзүндө салык төлөөдөн качкандыгы боюнча айыптоосуна жооп кылып: "Эгер эки секунд көзүңүздү ачсаңыз, бул жылы мен тарыхтагы бардык америкалыктарга караганда эң көп салык төлөй турганымды түшүнөсүз", - деп жазган.
Маск буга чейин салыктарды жабуу үчүн 15 миллион долларга жакын опционду ишке ашырып, 11 миллион доллардык акциясын саткан. Бирок белгиленгендей, 10 миллиард долларлык салык ишкердин капчыгына катуу тийбейт. Быйыл эле ал дээрлик 98 миллиард долларга байып, байлыгын 253,6 миллиард долларга көбөйткөн.