WhatsApp мессенжеринде эми онлайн статусун жашырууга мүмкүндүк берүүчү функция пайда болот

WhatsApp мессенжеринин жаңы версиясында колдонуучуларга онлайн статусун бейтааныш адамдардан жашырууга мүмкүндүк берүүчү функция пайда болот. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылды.

Маалыматка ылайык, жаңы функция колдонуучунун купуялыгын жакшыртуу максатында иштелип чыккан. Буга чейин WhatsApp колдонуучуларынын баары адамдын онлайнда же жок экенин көрө алышкан. Эми мессенжерден анын номери тизмеге кошулган адамдар гана колдонуучунун онлайн статусун көрө алышат.

"Бул функцияны сиз тааныбаган жана сүйлөшүүнү каалабаган адамдардан онлайнда экениңизди жашыруу үчүн киргизилет", - деп айтылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bond02
2021-12-18 11:01:50
Мобильный агентке окшоп баратат го.
0
Medina87
2021-12-18 12:58:59
Бул Версия мен байкагандан 1- Декабрдан бери ишке кошулду))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан