Ош. Шаарда көп кабаттуу 30 үйгө жылуулук бериле элек

Ош шаарынын “Жылуулук камсыздоо” ишканасынын жетекчиси Кубанычбек Алишеровдун маалыматына ылайык, Ошто жылуулук белгиленген тартипте үзгүлтүксүз бериле баштады. Учурда билим берүү жана медицина мекемелерине, көп кабаттуу жана жер үйлөргө жылуулук берилүүдө. Айрым турак үйлөрдө, батирлерде оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жылуулук бериле элек. Ал жерлерде тиешелүү адистер иш алып барышууда. Бүгүнкү күндө шаардагы 30 турак үйдүн жер төлөсүндө кызматкерлер оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатышканы айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан