Филиппинде катуу тайфун катталып, каза тапкандардын саны 75 адамга жетти

Филиппинде катуу тайфун катталып, андан каза болгондордун саны 75ке жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, тайфундан эң көп жабыркаган Бохоль аралында байланыш үзгүлтүккө учурагандыктан азырынча маалыматтар толук эмес. Аталган аралдын губернатору Артур Яп каза тапкандардын саны дагы өсүшү мүмкүн экендигин белгилейт.

"Каза болгондордун саны азырынча 75 адам деп берилип жатат. Бирок байланыш үзгүлтүккө учурагандыктан 48 шаардын 21и гана маалымат берди. Каза тапкандар мындан да көп болушу мүмкүн деп тынчсызданып жатам", - деп билдирген ал.

Тайфун саатына 195 километр ылдамдыкта болгону кабарланды.

Буга чейин 16-декабрда Филиппинде ылдамдыгы секундасына 54 метрге жеткен тайфун келе жатканы маалымдалган. Анын болжолдуу жолунда 10 миңден ашык адам жашаган калктуу конуштар бар экендиги белгиленген. Мындан улам өлкө бийлиги бардык каттамдарды токтоткон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан