Орусиянын Тюмень облусунун губернатору эмгек мигранттарына байланыштуу токтомго кол койду. Анда жергиликтүү транспорттук компанияларда патенттин негизинде иштеген чет элдик жарандарды жумушка алууга тыюу салды. Бул туурасында аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
"Мигранттар жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндө, анын ичинде шаардык жана шаар четиндеги транспортто, таксиде, ошондой эле унаа жүк ташуу чөйрөсүндө иштей албайт, анын ичинде алар транспорттук кызматтарды көрсөтө алышпайт. Губернатор Александр Моордун чечими менен "компаниялар 2022-жылдын 1-мартына чейин жумушка орношкон чет элдик жумушчулардын санын ушул жарлыкка ылайык иретке келтириши керек", - деп айтылат документте.