“Бир бол” партиясы саясатка активдүү киришти

Бишкекте 16-ноябрда “Бир бол” саясий партиясынын II съезди болуп өттү. Ага өлкө аймактарынан келген делегаттар катышып, анда партиянын стратегиялык платформасы кабыл алынды. Программада камтылган өлкөнү өнүктүрүүнүн идеологиясы боюнча пикирлер айтылды.

“Бир бол” партиясы мамлекеттик биримдик жана патриоттуулук принциби менен иш алып барат жана патриотизмди бекемдөө мамлекеттүүлүктүн негизи деп эсептейт. Мындан сырткары өлкөдөгү элдердин биримдиги, мамлекеттик тил, жаратылышты коргоо жана маданий баалуулуктарды сактоо боюнча партиянын багыты тааныштырылды. Маалымдалгандай, “Ак илбирстин секириги” аракет программасын – майнаптуу реформа стратегиясын иштеп чыгат.

 

Айта кетсек, партиянын негиздөөчүсү - Жогорку Кеңештин учурдагы депутаты Алтынбек Сулайманов. А.Сулайманов парламентке “Республика” партиясынын тизмеси аркылуу депутат болуп келген. Белгилүү болгондой, кийин ич ара түшүнбөстүктөрдөн улам Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясынан бир катар депутаттар бөлүнүп чыгышып, депутаттык топторду жана партия түзүүгө жетишкен. Алардын катарында Бакыт Төрөбаев бар (“Өнүгүү” депутаттык тобунун жана “Өнүгүү” партиясынын лидери). 

 

“Бир бол” партиясынын II съездине элге таанымал инсандардан тарыхчы Кыяс Молдокасымов, коомдук ишмер Медеткан Шеримкулов, Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова, спортчу Нурбек Аканов жана башкалар катышты.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан