Кыргыз
Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-ноябрда өлкөнүн каржы министри Ольга
Лаврованы кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы
билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын республикалык
казынасынын планын аткаруу маселелери жана каржылык документтин 2014-жылга
долбоору талкууланды. Президент Каржы министрлиги казынаны натыйжалуу аткаруу үчүн бардык күч-аракетин жумшап, казынанын социалдык жактан корголгон беренелерин так аткаруу чараларын көрүш керек экенин белгиледи.