17-ноябрда
КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев баштаган делегация Грузиянын жаңы
шайланган президенти Георгий Маргвелашвилинин Тбилисиде өткөн инаугурациясына катышты. Бул тууралуу бүгүн аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Эрлан Абдылдаев менен Грузиянын жаңы шайланган
президенти Георгий Маргвелашвили жана
Грузиянын тышкы иштер министри Майя Панджикидзе жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтык жана өнүгүүнүн багыттары боюнча маселелер талкууланды.