Акыйкатчы институту билдиргендей, Бишкекте өз ишине шалаакылык менен мамиле кылган 2 бала бакча тарбиячысы жазаланды. Алар Свердлов районундагы №171-бала бакчанын педагогдору. Дисциплинардык чара көрүлүп, андан кийин алар өз каалоолору менен иштен кетишиптир. Тарбиячылардын үстүнөн ата-энелерден арыз түшүп, анда шалаакы мамиледен улам баласы ооруп, дарылануу үчүн Эне-баланы коргоо улуттук борборуна жаткырылганын айткан.
Кийин бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, кылмыштын курамы жок болгондуктан, иш жабылыптыр.