АКШнын президенти Жо Байден өзүнүн администрациясына Орусиянын Украинага пландалган басып кирүүсүн алдын алуу үчүн төрт жума убакыт берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Ак үйдүн башчысы өз командасына кол салууну болтурбоо үчүн бардык мүмкүн болгон куралдарды колдонууну тапшырган. Ошол эле учурда Вашингтон Орусияга экономикага жана каржы системасына сокку урууну каалап жатканы белгиленди.
10-декабрда Жо Байден менен Украина президенти Володимир Зеленский телефон аркылуу сүйлөшкөн. Анда Байден Орусия Украинанын аймагына басып кирип, эки өлкөнүн чек арасында кырдаал курчуй турган болсо, Орусияны катуу санкциялар күтүп турганын билдирген.