Кечээ, 20-декабрда саат Москва убактысы боюнча саат 18:35ке карата Москва шаарында унаа тыгыны 10 балл деп бааланды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, унаа тыгыны Москванын борборундагы көчөлөрдө жана айланма жолдордо көп байкалган.
Москванын Транспорт департаментинин Telegram-каналында белгиленгендей, унаа тыгынынын көп болушунун негизги себеби майрам алдындагы соода борборлоруна сапарлар, курулуш иштерине байланыштуу унааларга киргизилген чектөө жана кар жаашы себеп болгон.
Мындан улам аталган башкармалык шаар тургундарынан шаарды кыдырууда коомдук транспортту колдонууну сунуштаган.
Белгилей кетсек, Москва шаарында 17 миллиондон ашуун калк жашайт.