"Манчестер Юнайтеддин" чабуулчусу Криштиану Роналду Канар аралдарынын бир бөлүгү болгон Пальма аралындагы Кумбре-Вьеха жанар тоосунан жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн футболкасын аукционго койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, аукцион 24-декабрда өтөт. Андан түшкөн каражаттын баары жабыркагандарга жардамга жумшалат.
"Жадакалса жанар тоонун күчү да Пальмага тең келе албайт. Мен кооз аралды колдойм", - деп жазган футболчу сатыкка койгон футболкасына.