Кытайлык интернет жылдызы салык төлөөдөн качканы үчүн 210 миллион доллар айыпка жыгылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, социалдык тармактагы баракчасында 10 миллиондон ашык катталуучусу бар Хуан Вэй аттуу интернет жылдызы салык төлөөдөн качканы үчүн 210 миллион доллар айыпка жыгылган. Ага айыпты Кытайдын Ханчжоу шаарынын салык департаменти чыгарган.
Мындан тышкары, ал бир нече салык салынуучу киреше отчётун берген эмес. Ханчжоу бийлиги аны 2019-2020-жылдар аралыгында жеке кирешесин жана башка каржылык кылмыштарын жашырган деп күнөөлөгөн.