Кытайда февралда, Эфиопияда сентябрда... Дүйнөдөгү айрым өлкөлөр жаңы жылды ар башка айда белгилээрин билчү белеңиз?

Жаңы жыл - Григориан календарына ылайык дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө эски жылдан жаңы жылга өткөн түнү белгиленүүчү майрам. Кыскача тарыхына кайрылсак б.з.ч 3-миң жылдыкта эле Байыркы Месопотамияда пайда болгону айтылат. Бирок дүйнөнүн бардык өлкөлөрү бул майрамды 31-декабрдан 1-январга караган түнү белгилебейт. Айрым элдер өздөрүнүн ишенимдерине жараша жаңы жыл майрамын ар башка айда жана ар түрдүүчө куттукташат.

1. Кытайда жаңы жыл февраль айында белгиленет

Кытайда жаңы жыл жаз майрамы катары февраль айында белгиленет. Анын так күнү айдын чыгышына жараша аныкталат. Майрамдын негизги каадасы катары кызыл түс эсептелинет. Кытайлыктар бул күнү сөзсүз түрдө кызыл кийим кийинишет, үйлөрүн жана көчөлөрдү кызыл менен жасалгалашат. Анан дагы майрам күнү болушунча ызы-чуу жаратууга аракеттенишет. Ар түрдүү жардыргыч заттарды колдонушат. Мунун себеби жаман рухтарды коркутуп, адамдарга ийгилик чакыруу болуп саналат.

2. Японияда Жаңы жыл майрамы бир айга созулат

Япония өлкөсү башкалар сыяктуу эле жаңы жылды григориан календарына ылайык белгилейт. Аталган өлкөдө майрам 25-декабрда башталып дээрлик бир айга созулат. Алар үйлөрүн бамбук дарагынан жасалган ар түркүн жасалгалар менен кооздошот. Бул нерсе гүлдөп-өсүүнүн, байлыктын жана сүйүүнүн символу катары кабыл алынат. Ошондой эле бири-бирине ийгилик алып келет деген ишенимде ак жана күлгүн түстөгү күрүч нандарды тартуу кылышат.

3. Таиланд эли Жаңы жылды 13-апрелде белгилейт

Таиланддагы "сонгкран" аталышындагы Жаңы жыл майрамы Байыркы Индиянын астрологиялык календары боюнча 13-апрелде белгиленет. Алар жылдын жаңырышын жаан-чачындуу мезгилдин башталышы менен байланыштырышат. Таиланддыктар майрам күнү кечке чейин бири-бирине же болбосо көчөдөн өтүп бара жаткан адамдарга да суу чачып ойношот. Бул жаңы жылда тазалануунун белгиси катары кабыл алынат.

4. Мьянмада жаңы жылдын күнүн өкмөт аныктайт

Мьянма өлкөсүндө да жаңы жыл апрель айында белгиленет. Бирок анын так күнүн өкмөт аныктайт. Аталган мамлекеттин эли да таиланддыктар сыяктуу жаңы жыл майрамында таңдан кечке суу чачышып ойношот. Ошондой эле көлмөдөн балык кармап чоң көлдөргө коё берүү салтка айланган. Алар мындай ырым менен "мен бир жолу коё бердим, мени он жолу коё бер" деп тилек кылышат.

5. Индияда жаңы жыл жылына бир канча жолу куттукталат

Адаттан тыш салт-санаалары менен таанылган Индия өлкөсүндө Жаңы жыл майрамы бир жылда бир канча ирет белгиленет. Негизи "Гуди-падва" аталышындагы салттуу Жаңы жыл майрамы март айына туура келет. Бирок андан тышкары өлкөнүн ар башка аймактарындагы элдин өздөрүнүн жыл санагына ылайык жаңы жыл майрамдары бар. Алардын эң кызыгы - Бенгал жаңы жылы. Ал күнү индиялыктар Холики кудайынын айкелин өрттөшүп, андан калган чок үстүндө басышат. Ал эми экинчи күнү бири-бирине түстүү боёкторду чачышып оюн курушат.

6. Эфиопияда 11-сентябрь Жаңы жыл майрамы болуп саналат

Эфиопияда жаанчыл мезгил аяктаган сентябрь айында "энкутаташ" аталышындагы Жаңы жыл майрамы белгиленет. Майрамда жакындар бир жерге чогулуп чоң от жагышат жана оттун жалыны кайсы тарапка багытталса жаңы жылда түшүм ошол тарапта мол болот дешип, берекелүү айдоо жерлерин аныктоого аракет жасашат.

7. Италияда жаңы жыл күнү көпүрөдөн сууга секирүү салты бар

Италия өлкөсү жаңы жылды башкалар сыяктуу эле 1-январда белгилейт. Бирок бул өлкөнүн Жаңы жыл майрамы адаттан тыш салт-санаалары менен өзгөчө. Маселен италиялыктар жаңы жылда керексиз буюмдардын баарын терезеден ыргытышат. Канчалык керексиз нерселерден арылсаң жаңы жылда ошончолук бактылуу болосуң деген ишеним бар. Ошондой эле Римде жаңы жыл күнү көпүрөдөн Тибр дарыясына секирүү салты бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан