Эртең, 19-ноябрда борбор шаардагы “Бишкек-Парк” соода борборунун алдында нааразычылык митинги өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти. Талаптар: “Бишкек-Парк” комплексинин жетекчилигин А.Ашимбаевадан жана кыргыз элинен кечирим суратуу.
“Калыс” саясий кыймылынын маалыматына таянсак, нааразычылык акциясын өткөрүүгө төмөнкү факты себеп болуптур:
2013-жылдын 20-октябрь күнү саат 11:00дө “Бишкек-Парк” ЖЧКсынын генералдык директору (де-факто) Али Ихсан (түркия жараны) аталган комплексте маркетолог болуп иштеген Кыргызстандын жараны Айзада Ашимбаеваны өз бөлмөсүнө чакырып алып, уят сөздөр менен тилдеп, эч себепсиз, түшүндүрүүсүз жана тийиштүү кагаздары жок КРнын Эмгек кодексин жана эмгекке тийиштүү бардык мыйзамдарды одоно бузуп, жумуштан бошотуп жиберген.
Кыймылдын төрагасы Жеңиш Молдокматовдун айтымында, А.Ашимбаеванын 6 ай иштеген мөөнөтүндө эки тараптуу түзүлгөн Эмгек келишиминин бир нускасы колуна бүгүнкү күнгө чейин берилбей келет.
“21-октябрь күнү А. Ашимбаева аталган мекеменин башкы директору (де-юра) Али Каптанга Эмгек келишиминин көчүрмөсүн берүүнү суранып арыз менен кайрылып, бирок жоопсуз калган. Эртеси дагы бир жолу Али Каптандын наамына арыз жазып, 4 нерсе сураган: компенсация төлөнүшүн, Эмгек келишиминин көчүрмөсүн, Эмгек китепчесин жана эмгек өргүүсүнөн калган күндөрүн эсептеп акча төлөнүшүн. Бирок бул арыз дагы каралган эмес”,- деген Молдокматов Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзгөн трансулуттук компаниялардын ички саясатына бир дагы мамлекеттик орган кийлигише албайт экен дейт.
Бир окуяны эскерте кетсек. 2011-жылы Бишкектеги "Бета Сторес" соода борборунун технологу Гюнеш Йылмаз аталган борбордо иштеген Чолпон Орузбаева аттуу кыргыз айымды сабап салып, чоң ызы-чуу чыккан. Ичине жеген соккудан Чолпондун ичеги-карыны жарылып, бир канча жолу операция жасаткан. Кийин аталган түрк жараны качып кетип, көп узабай колго түшкөнү жана 2012-жылдын 25-январында Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны 6 жылга эркинен ажыратканы белгилүү. Йылмаздан жабырланган Чолпон Орузбаеванын пайдасына келтирилген моралдык зыян үчүн 150 000 сом өндүрүлгөн.