АКШда пандемия маалында жумушсуздарга бөлүнгөн каражаттан кеминде 100 миллиард доллар уурдалганы айтылды

АКШнын жашыруун кызматы коронавирус пандемиясынан улам жумушсуз калган америкалыктарга жана бизнеске жардам берүү үчүн түзүлгөн программалардан кеминде 100 миллиард доллар уурдалганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, пандемия маалында болгон улуттук деңгээлдеги алдамчылыкка каршы күрөшүү координатору Рой Дотсон агенттиктердин бирине бул маалымат жашыруун кызматтын, Эмгек жана чакан бизнести башкаруу департаментинин маалыматтарына негизделгенин айткан.

Анын айтымында, уурдалган каражат пандемиядан улам жардамга бөлүнгөн 3,4 триллион доллардын 3 пайызын түзөт. Ведомствонун маалыматына караганда, акчанын көбү жумушсуздарга жөлөк пул катары бөлүнгөн каражаттан уурдалган. Эмгек департаментинин айтымында, болжол менен 87 миллиард доллар жөлөк пул туура эмес төлөнүшү мүмкүн, анын олуттуу бөлүгү алдамчылыктан келип чыккан.

Жашыруун кызмат алдамчылык фактыларын иликтөөдө, учурда уурдалган 1,2 миллиард доллардан ашык акча конфискацияланды. Департаменттин маалыматы боюнча, учурда ар бир штатта пандемияга байланыштуу алдамчылык боюнча 900дөн ашуун кылмыш ишин иликтөө жүрүп жатат жана буга чейин 100 адам камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан