Орусиянын Ленинград облусундагы айылдардын биринде кыз каза болгон апасынын сөөгү менен батирде бир нече күн жашаган. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 40 жаштагы аял дайыны чыкпай калгандыктан анын жакындары полиция кызматына кабарлаган. Полиция кызматы аялдын жансыз денесин өзүнүн үйүнөн табышкан. Үйдө аны менен чогуу төрт жашар кызы дагы бар экендиги белгилүү болгон.
Аялдын өлүмүнүн себеби азыркы учурда белгисиз. Маркум спирт ичимдик иччү эмес. Укук коргоо органдары батирде азык-түлүк түгөнгөнүн, 4 жашар кыз аябай ачка болгондугун билдирген.
Учурда кыз ооруканада жана абалы жакшы.