Индиянын Чхаттисгарх провинциясында жаңы төрөлгөн ымыркайды талаадан жолбун ит таап алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ымыркай талаада үшүп калган. Ал эми таап алган жолбун ит күчүктөрү менен түнү бою ымыркайдын жанынан чыккан эмес.
Наристенин ыйын уккан тургундар талаадан ымыркайды күчүктөрдүн жанынан табышкан. Тургундар наристе тууралуу жергиликтүү бийликке кабар берип, дарыгерге өткөрүп беришкен.
Жаңы төрөлгөн ымыркай кичине жабыркап калганы гана болбосо, ал күчүктөрдүн жардамы менен тирүү калгандыгын жергиликтүү тургундар билдиришкен.
Ымыркай кызга Аканкша деген ат коюшкан, азыркы учурда кыз дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ал эми учурда тергөө иштери уланып, укук коргоо кызматкерлери кыздын ата-энесин издеп жатышат.