Саркеч кийимдерди жана аксессуарларды өндүрүүчү италиялык "Etro" компаниясы кыргыз оймолоруна окшош болгон саймадагы оромол чыгарды.
Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, оромолдор "Farfetch Limited" дүйнөлүк мода платформасында сатылууда. Азыркы учурда оромолдун баасы 1 миң доллардан жогору.
Эске салсак, бренд 1986-жылы италиялык модельер Жероламо (Жиммо) Этро тарабынан негизделен. "Etro" италиялык компания кийимдерди, парфюмерия, кездемелерди жана башка кымбат баалуу буюмдарды, аксессуарларды өндүрөт. Компания "Пейсли" фирмалык оймосунан кийин белгилүү болгон.