Жайыттарды пайдаланууда мыйзам бузгандарга айып пулдун өлчөмү жогорулайт

Жогорку Кеңеште жайыттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча мыйзам бузгандарга айып пулдун өлчөмүн жогорулатуу сунушталууда. Бул маселе бүгүн, 18-ноябрда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү комитетинин жыйынында каралды.

Демилгечи депутат Эсенгул Исаковдун айтымында, буга жайыттарды пайдаланууда мыйзам бузган учурларга 200 сомдон 500 сомго чейин айып пул салынып келсе, долбоор аркылуу аны 500 сомдон 1000 сомго чейин көтөрүү демилгеленип жатат.

Комитеттеги депутаттар көтөрүлгөн демилгени колдоорун, бирок айып пулдун өлчөмүн дагы көтөрүү керектигин айтышты. Жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи окууда колдоо тапты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан