Бишкекте 18-ноябрда “Кыргызстанда адам укуктарын коргоону ишке ашыруу
тармагында мамлекет менен жарандык коомдун өз ара аракеттешүүсү” аттуу форум
болуп өттү.
Анда Социалдык өнүгүү министрлигинин статс-катчысы
Бактыбек Жекшенов “2011-2013-жылдары Москвада жана Москва облусунда жергиликтүү
укук коргоо органдары тарабынан кыргыз мигранттары таштап, өздөрү башка жакка
көчүп кеткен 70тен ашуун бала бар экени аныкталган. 2011-2012-жылдары Орусиядагы
балдар үйүнөн 24 бала Кыргызстанга кайтарылган. Чет өлкөдө ата-энесинин
көзөмөлүсүз калган балдарды мекенине алып келүү чаралары көрүлүүдө”,- деп билдирди.