Бишкекте бүгүн, 18-ноябрда “Кыргызстанда адам укуктарын
коргоону ишке ашыруу тармагында мамлекет менен жарандык коомдун өз ара
аракеттешүүсү” аттуу форум болуп өттү. Анда билим
берүү жана илим министри Канат Садыков
“учурда Кыргызстанда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү 23,5
миң бала бар” деп билдирди.
Ал Социалдык өнүгүү
министрлигинин маалыматына таянып, алардын 4 миңге жакыны билим алышарын айтты. “Өлкөдө 3 миң билим берүү мекемеси инклюзивдик окутуу программалары
менен камсыздалган. Бул 2011-жылы атайын окутуу Кыргызстандын мыйзамында акыл-эси
ордунда эмес балага билим берүү каралса, бүгүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды окутуу катары
айтылат”,- деди министр. Мындан сырткары бул маселе боюнча чараларды көрүү улантыларын кошумчалады.