Бүгүн, 23-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин журналисттерге маалымат жыйын өткөрдү. Жыйындын алкагында ал Орусиянын 2022-жылга карата коюлган максаттарын атады.
Владимир Путин 2022-жылы алдыга коюлган максаттарга жетүү, ошондой эле маселелерди орусиялык жарандардын пайдасына чечүү зарыл экенин белгиледи.
"Келерки жылы шайлоо жөнүндө эмес, элдин турмушун жакшыртуу, ошондой эле пенсионерлердин кирешесинин өсүшүн кантип камсыз кылуу жөнүндө ойлонуу керек. Буга бардыгын мотивациялоо зарыл", - деп белгиледи президент.
Ошол эле учурда Путин 2022-жылы эмне оптимизм жана бакыт алып келет деген суроого жооп берди. Анын айтымында, бул жарандардын пландарын ишке ашыруу. «Биздин ишибиздин маңызы мына ушунда. Адамдардын жашоосун жакшыртуу үчүн», - деп сөзүн жыйынтыктады Путин.