Мадагаскарда министр тик учак деңизге кулагандан кийин 12 саат сууда сүзүп жээкке чыкты

Мадагаскар өкмөтүнүн полиция министри Серж Гелле куткаруу операциясы учурунда ал отурган тик учак деңизге кулап, министр жээкке чыгуу үчүн 12 саат бою сууда сүзгөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, министр менен тик учакта учкан дагы эки коопсуздук кызматкери да аман калган. Полиция министри жана куткаруучулар тобу өлкөнүн түндүк-чыгышында жүргүнчү ташыган кайык чөгүп, кеминде 39 адам каза болгон аймакка бара жаткан.

Жээкке чыккандан кийин Гелле ооруканага бара жатып: "Азыр өлө турган убак эмес", - деген.

Учурда министр ооруканада жана абалы жакшы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bul-kim
2021-12-24 00:33:24
Эркек экен, министр ушундай болуш керек
+4
KaGaH
2021-12-24 02:21:23
Биздин министр чулп этип чөгүп кетсе керек сразу
+3
emirchik
2021-12-24 22:25:00
Молодец Биздин министилер колчуко деле чогуп кетет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан