
23-декабрда Орусиянын президенти
Владимир Путин маалымат жыйын өткөрүп журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Жыйындын алкагында ал быйылкы жылдагы дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү Орусия өлкөсүн гана камсыздабастан, экспорт кылууга дагы мүмкүнчүлүк бере турганын айтты.
Анын айтымында, Орусиянын экономикасы пандемиянын кесепеттерин дүйнөдөгү башка өлкөлөрдүн экономикасына салыштырмалуу жеңилирээк кабыл алып, оңоюраак калыбына келип жатканын белгилейт.
Жылдын жыйынтыгы менен ички дүң продукциянын көлөмү 4,5 пайызга өсөрү күтүлүүдө.
"Аба ырайынын шартына байланыштуу дан эгиндеринин түшүмү былтыркы жылга салыштырмалуу азыраак. 2020-жылы 133,5 миллион тонна болсо, быйыл 123 тоннага жетти. Ошентсе да бул жакшы жыйынтык. Демек, биз экспорттой алабыз", - деген Владимир Путин.
Айта кетсек, Кыргыз өлкөсү буудай импортунан көз каранды. Ушул жылдын 10 айында 158,5 миң тонна буудай импорттосо, анын 69 тоннасын Орусиядан сатып алган.